Хочу присоединиться к команде


Выберите файл



    Байланыштар 720001, г. Бишкек, ул. Турусбекова, 109/1

    Өнөктөштөрлөргө

    +996 31 296 26 24

    welcome@delta-m.kg

    Талапкерлерге

    +996 31 296 26 24

    hr@delta-m.kg

    Карызкөрлөргө

    debts@delta-m.kg

    Скачать документы

    Өндүрүү

    Delta M - Кыргызстандын проблемалуу кредиттер менен иштөө боюнча рыноктун лидери. Биз өзүбүздүн өнөктөштөрүбүзгө баардык чөйрөлөрдөгү ишмердүүлүк жана баардык категориялардагы болгон карыздарды өндүрүүнүн толук циклдарын сунуштайбыз (сотко чейинки өндүрүүдөн баштап, мүлктөрүн аргасыз сатуу аркылуу жана карыздардын портфелдерин сатып алуу).

    Сотко чейинки өндүрүү

    Бул этаптагы кесиптик (профессионалдык) иш:

    • толук аракеттүү байланыш – натыйжалуу иретте үйрөтүлгөн жана операторлордун иштеринин сапатын текшерүү борбор;
    • карыздар менен байланыш формаларын даана түшүнгөн, шаймандарын колдонуу тартибин жана негиздерин так аткарган (SMS, IVM, IVR, Viber\WhattsApp, кабарлар, каттар жана өз алдынча байланышуу);
    • прогрессивдүү CRM системалары (Delta M. Collection) жана IP байланыш-борбору (Delta Tell) автоматташтырылган тартипте терүү жана чалууларды кабыл алуу жана масштабын өзгөртүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңири колдонуу;
    • кардарларга багытталган тасирдүү саясат: операцияларды уюштуруу, башкаруу деңгээлиндеги сапаттуу байланыштан тартып мыйзам ченемдерин милдеттүү түрдө сактоо жана Өнөктөштүн ишмердүүлүк беделин коргоого камкордук көрүү.

    Дал ушундай мамиле кыска мөөнөттүн ичинде карыздарды лоялдуу кардар статусуна кайтып келүүсүнө мүмкүнчүлүк берет жана сотко кайрылуу муктаждыгынан сактайт.

    Сот аркылуу өндүрүү

    Андан соң биз сиздерге карыздарды сот органдарына кайрылуу жолу менен өндүрүүнү сунуштайбыз.

    Сот аркылуу өндүрүү бул карызды өндүрүүнүн өз алдынча жана аргасыздан мүлкүн саттырууга жана ишти сотко жеткирбей жөнгө салууга түрткү берүүчү күчтүү шайман.

    Сот аркылуу өндүрүүдөгү биздин артыкчылыктар:

    • Кыргызстандын баардык аймактарындагы юридикалык өкүлчүлүктөрдүн тармагы.
    • IT система (Delta M. Collection) процессуалдык мөөнөттөрдү текшерүү, милдеттерди коюу жана алардын аткарылышын, иш кагаздарынын туура толтурулушун камсыздоо.
    • Материалдарды жана процессуалдык иш кагаздарын электрондук архивдөө.
    • Кызматташууну каалаган этапта баштоого мүмкүнчүлүк: доо арызын даярдоодон тартып аткаруу өндүрүшүн коштоого чейин.
    • Кызмат акысын төлөө жалаң гана иштин жыйынтыгына жараша.